Жогорку Кеңеш эркин жана ачык-айкын иштейби?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип, парламенттин 8-чакырылышы ишин расмий баштады. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, буга чейинки Жогорку Кеңештеги партиялык система саясий коррупцияга жол ачканын, бул жолку шайлоо жаңы эреже-талаптар менен өткөнүн айтты. Биринчи сессияда беш депутаттык топ түзүлүп, Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин төрагалыгына экинчи жолу шайланды. Спикерликке башка атаандаш болгон жок. Парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроолор күн тартибинде турат.