Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Акыйкатчы институту: Тергөө абагындагы аялдар коркутуу, орой мамиле тууралуу даттанды


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 15-декабрда тергөө абагындагы аялдар менен жолугушту. Бишкек, 2025-жыл.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 15-декабрда тергөө абагындагы аялдар менен жолугушту. Бишкек, 2025-жыл.

Акыйкатчы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесине (№1 тергөө абагы) 15-декабрда барган.

Аталган институт тараткан маалыматка караганда, Жаманбаева аялдар корпусундагы 19 камеранын баарына кирип, кармалгандардын дээрлик баары менен баарлашты. 12 аялды өзүнчө кабыл алып, укуктук кеңеш берип, арыздарын кабыл алды.

Акыйкатчыга жеке кайрылгандар тергөө абагындагы эки кызматкер дайым коркутуп, орой мамиле жасаганына даттанышкан. Ошондой эле мекеменин санитардык бөлүмүнүн ишине нааразылыгын билдирип, медициналык жардам кечигерин же такыр көрсөтүлбөй турганын айтышкан.

№21 тергөө абагындагы аялдар корпусу. Бишкек. 15-декабрь, 2025-жыл.
№21 тергөө абагындагы аялдар корпусу. Бишкек. 15-декабрь, 2025-жыл.

Тергөө абагындагы аялдардын басымдуу бөлүгү тергөө жана сот иштери узакка созулганына, балдары менен жолугушуу өтө кыска убакытка болоруна нааразылыгын билдиришкен.

Омбудсмен институтунун маалыматына караганда, учурда тергөө абагында 1,5 жашар баласы менен отурган бир аял бар. Бул жерде чет элдик жарандар да кармалат. Өзбекстандык аял акыйкатчыга кайрылып, мекенине экстрадицияны тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Ал Бишкектин Свердлов райондук соту аны экстрадициялоо чечимин 14-ноябрда чыгарганы менен которуу иштери кечигип жатканын белгилеп, балдары менен телефон аркылуу байланышууга уруксат алууга жана тергөөчү менен жолугушууга жардам берүүнү суранды.

Аталган тергөө абагындагы эркектер корпусуна акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев мониторинг жүргүздү. Ал да камакка алынгандардын көпчүлүгү менен баарлашып, алардан арыздарды кабыл алганы маалыматта жазылган.

Түшкөн арыздар каралып чыккандан кийин мамлекеттик органдарга сунуш жана кат жөнөтүлөт.

№1 тергөө абагында учурда 129 аял, 1514 эркек кармалууда. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG