Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Өкмөт сугат суу тармагын өнүктүрүүгө 3 млрд сомго чейин каражат бөлөт


Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ирригация тармагын өнүктүрүүгө 3 миллиард сомго чейин каражат бөлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-декабрда Чүй облусуна иш сапары маалында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ирригация тармагына 200 миллион сомдон ашпаган каражат берилип келген.

Калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы 44 ирригациялык долбоор каралганын, анын 10у колдонууга берилип, 5,68 миң гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлгөнүн билдирди.

Аткаруу бийлигинин 2030-жылга чейин жалпы көлөмү 953,74 миллион куб метрди түзгөн 106 бассейнди куруу планы бар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары жер-жерлердеги каналдарды, насостук агрегаттарды оңдоо иштери жүрүп жатканы жана бул тармакты тейлөөнү жакшыртуу үчүн 301 техника сатылып алынганы маалымдалды.

Соңку жылдары климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстанда да сугат суу маселеси күн тартибине чыгып, айрыкча жайында дыйкандар сугат суу жылдан жылга азая баштаганын айтып келишет. Өкмөт дыйкандарды сугат сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып, ирригация тармагында жаңылоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында өлкөдө 28 миң чакырым суу каналы бар. Анын ичинде 6 миң чакырым чарба аралык канал Суу чарба башкармалыктарына карап, аны министрликке караштуу Суу кызматы көзөмөлдөйт. Суу пайдалануучулар ассоциациясы тейлеп келген 22 миң чакырым ички чарбалык каналды быйыл мамлекет өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болду.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG